Алматы, 4-май, 2026-жыл — LG Electronics (LG) 2026-жылдагы Red Dot Design Award аземинде жалпысынан 27 сыйлыкка ээ болду, анын ичинде эң абройлуу «Best of the Best» наамы бар. Бул дүйнөдөгү өнөр жай дизайны боюнча алдыңкы сыйлыктардын бири болуп эсептелет. Бул жетишкендик LG компаниясынын дизайн тармагындагы лидерлигин дагы бир жолу тастыктап, буга чейин 2026-жылдагы iF Design Award аземинде алынган 26 сыйлыктын ийгилигин улантты.
Быйылкы Red Dot Design Award сыйлыгынын алкагында «Best of the Best» наамына ээ болгон LG OLED evo W6 Wallpaper TV телевизору фирмалык True Wireless¹ технологиясын жана белгилүү Wallpaper дизайнын айкалыштырат.
Жаңы модель болжол менен 9 мм² калыңдыктагы өтө жука дисплей менен айырмаланат, бул дубал менен бир бүтүн көрүнүш жаратат. Негизги компоненттер, анын ичинде азык сапсалгы жана динамиктер, түз эле экранга бириктирилген, ал эми бардык тышкы түзмөктөр туташтырылган өзүнчө Zero Connect Box блогу 10 метрге чейинки аралыкта жайгаштырылып, тыкан жана визуалдык жактан таза мейкиндикти камсыздайт.
Зымсыз туташуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүнүн алкагында LG ошондой эле TÜV Rheinland тарабынан берилген True Wireless Lossless Vision³ сертификатына ээ болду, бул зымсыз сигнал берүүдө сүрөттүн жогорку сапатын жоготуусуз сакталарын тастыктайт.
Wallpaper TVден тышкары, LG компаниясынын башка көптөгөн түзмөктөрү да белгиленип, алардын дизайны менен колдонууга ыңгайлуулугу ийгиликтүү айкалышканы баса белгиленди.
Жеңүүчүлөрдүн арасында: орнотууну жеңилдетип, мейкиндикке тыкан биргелешкен — Zero Clearance™⁴ илмек системалуу French door форматындагы муздаткычы; кылдат жана минималисттик дизайны бар — LG Whisen Objet Collection Cool кондиционери; ошондой эле Dolby Atmos көлөмдүү үнүн автоматтык түрдө колдонуучунун талаптарына жана бөлмөнүн өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырган — LG Sound Suite модулдук үй аудиосистемасы, ал кошумча татаал жөндөөлөрсүз эле кинотеатр деңгээлиндеги үндү камсыздай алат.
LG компаниясынын дизайн жаатындагы атаандаштык жөндөмдүүлүгү анын перспективдүү багыттарындагы инновациялык чечимдери аркылуу да тастыкталды.
Күнүмдүк тиричиликте жардам бере алган, адамдын үнүн жана жаңсоолорун тааныган, ошондой эле ар кандай «мимикалар» аркылуу эмоция билдире алган LG CLOiD үй роботу да сыйлыкка татыды.
LG Therma V™ (AWHP) жылуулук насосунун ички блоктору да, Control, Hydro жана Combi, гармониялуу дизайны жана 6,8 дюймдук интуитивдүү түстүү сенсордук интерфейси үчүн белгиленишти. Бул чечимдер үйдү эффективдүү жылытуу жана ысык суу менен камсыздап, ыңгайлуу башкаруу менен айкаштырат.
Мындан тышкары, АКШнын Чикаго шаарындагы SKS шоуруму премиум деңгээлдеги мейкиндик дизайны үчүн өзүнчө сыйлык алды. Башка белгиленген продуктуларынын арасында xboom акустикалык системалары, UltraGear оюн мониторлору жана LG gram ноутбуктары бар. «Биз колдонуучуга багытталган, жашоо мейкиндигине табигый түрдө шайкеш келген жана күнүмдүк колдонууда ыңгайлуулукту арттырган дизайн чечимдерин жаратууну улантабыз», — деп белгиледи LG Electronics компаниясынын Corporate Design Center бөлүмүнүн жетекчиси Чон Ук Чжун.
1 Зымсыз OLED-телевизор деп, Zero Connect блогу менен экрандын ортосундагы байланыш түшүнүлөт. Сүрөт сапатынын визуалдык жоготуусу жок — ISO/IEC 29170-2 стандартына ылайык жүргүзүлгөн ички сыноолордун негизинде; иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр туташуу шарттарына жараша айырмаланышы мүмкүн.
2 Иш жүзүндөгү калыңдыгы 9,95 мм түзөт жана өлчөө шарттарына жараша бир аз өзгөрүшү мүмкүн.
3 Сүрөт сапатынын визуалдык жоготуусу жок — ISO/IEC 29170-2 стандартына ылайык TÜV Rheinland тарабынан жүргүзүлгөн сертификаттык сыноолордун жыйынтыгы боюнча. Иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр жана иштөө натыйжалуулугу туташуу абалына жана колдонуу шарттарына жараша айырмаланышы мүмкүн.
4 Оптималдуу иштеши үчүн LG муздаткычтын каптал дубалдары менен дубалдын ортосунда 0,16 дюйм (4 мм) аралык калтырууну сунуштайт.