LG Electronics компаниясы керектөөчүлөрдү этият болууга жана түпнуска түзмөктөрдү гана сатып алууга чакырат. Акыркы убактардан айрымдардын LG'нин тастыктамасы жок тиричилик техникасын сатып алган учурлары көбөйдү. Мунун кесепетинде сатып алуучулардын коопсуздугуна коркунуч жаралып жатат

Жасалма техниканы сатып алуунун
кандай кооптуу жактары бар?

Жаман сапат img

Эч бир жасалма техника LG'нин накта техникасын өндүрүүдө колдонулган жогорку сапаттагы материалдарды алмаштыра албайт.

LG'нин накта техникасы сапатты катуу көзөмөлдөө кадамдарын басып өтөт. Ушунун аркасында техника ишенимдүү түрдө иштеп, узак убакытка чейин бышык бойдон калат.

Ден-соолукка тийген залака img

Жасалма түзмөктөр колдонулса, айрыкча, электр шаймандар колдонулганда, бул ден соолукка жана коопсуздукка коркунуч туудурат.

Ал эми LG'нин түпнуска техникасы талаптарга шайкештик тастыктоосунан өтүп, коопсуздук стандарттарына жооп берет.

Сапатсыз материалдардын айынан өрт чыгып кетиши ыктымал, бул болсо турак жайга зыян келтирүү коркунучун жогорулатат.

Жасалма кир жуугуч машинелердин платалары нымдуулукка жана титирөөгө туруштук бере алышпайт, ушунун кесепетинде адам электр тогуна урунушу жана өрт чыгып кетиши этимал.

Кошумча чыгымдар img

Жасалмалардын баасы башында арзан көрүнгөнү менен, көбүнчө кошумча чыгымдарга дуушар кылат. Кийинчерээк оңдоп-түздөгөндө же кайра жаңы түзмөк сатып алууга туура келет.

Ал эми LG'нин накта техникасын сатып алсаңар, сапаттуу болот, ишеничтүү кызмат кылат жана далай убакытка чейин бышык болот. Бу л өз кезегинде узак мөөнөттүү келечекте эң пайдалуу салым болуп саналат.

Контакттар кычкылданып кетсе, бул техниканын бузулушуна алып келет, мындай учурда аны оңдоп калыбына келтирүү мүмкүн эмес.

Өндүрүүчүнүн тейлөө кызматы жана жардамысыз бардык чыгымдар керектөөчүнүн мойнуна түшөт.

Кепилдиктин жоктугу img

Жасалмаларда товарга карата расмий кепилдиктер берилбейт, андыктан сиз LG'нин тейлөө кызматына кайрыла албайсыз. Ал эми түпнуска техниканы сатып алсаңыз, сиз расмий түрдө уруксат берилген тейлөө борборлорунда мыкты тетиктер колдонулган тейлөө кызматын ала аласыз. LG'нин накта техникасы төмөнкү кепилдик түрлөрүнө ээ:
Телевизорлор
Түзмөккө 1 жыл кепилдик + 1 жыл акысыз тейлөө кызматы берилет.

Экологияга тийген зыян img

Жасалма техника жасалып жатканда сапатсыз материалдар колдонулат, туура эмес процесстерден өтөт, мунун кесепетинде алар айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн. Андан тышкары, колдонуу же жок кылуу баскычтарында таштандылар көп чыгып, айлана-чөйрөнүн булганышына себеп болушу ыктымал.

LG компаниясы өз түзмөктөрүн өндүрүүдө жана жок кылууда экологиялык жоопкерчиликтин жогорку талаптарына ылайык иш кылат. Чыныгы LG техникасы айлана-чөйрөгө аярлап мамиле кылат жана энергияны үнөмдүү колдонууга умтулат. Мунун аркасында жаратылышка тийгизген терс таасирди азайтууга жардам берет.

LG чыгарган накта телевизорду жасалмадан кантип айырмалоого болот?
LG чыгарган түпнуска кир жуугуч машинени жасалмадан кантип айырмалоого болот?