Бренддин максаты жана баалуулуктары
Бренддин убадалары
«Жашоо жакшы» ("Life's Good"). Бул — кардарларыбызга берген убадабыз.
Ал ар бир
түзмөктө, пикир алышуубузда жана көрсөткөн кызматабызда сезилип-туюлуп
турушу керек. Аны адамдардын турмушунда, коомчулукта жана
айлана-чөйрөдө
биз карманган ишеним катары ишке ашыруу зарыл.
LG Electronics компаниясынын ишеними боюнча, жакшы жашоо — бул ар бир
кымбат баалуу көз ирмемдерден толук ырахат алуу жөндөмү. Мисалы,
сүйүктүү жакын адамыбызга кечки тамак даярдап ага кубаныч тартуулоо,
достор менен түз эфирде спорттук матчты көрүп кубаныч алуу, өзгөчө эс
алууга
убакыт бөлүү же жаңы жерлерди чалгындоо үчүн сапарга чыгуу.
1958-жылдан бери биз жогорку сапаттагы телевизорлорду, компьютерлерди,
кир
жуугуч машинелерди жана муздаткычтарды чыгарып келебиз. Ал эле эмес,
биз адамдарга жашоосун жакшыртканга жардам берип келгендиктен, алар
бизди күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгү кылып
алышты. Биз адамдар үчүн жакшы жашоо жаратканга жардам берип, азыркы
тапта да, келечекте да болочок муундар үчүн планетаны коргоого
умтулабыз.
Бренддин көздөгөн максаты
Биз акылдуу чечимдер* аркылуу адамдар үчүн жакшы жашоону, ал эми планетабыз үчүн жаркын келечекти жаратып жатабыз*.
Жашоого шарт түзгөн акылдуу чечимдер: Контент, кызматтар жана чечимдер. Мунун баары кардарларга пайдасын гана тийгизет. Бул жабдуулар, программалык камсыздоо, платформалар жана колдонмолор аркылуу ишке ашат.
Бренддин негизги баалуулуктары
Бренддин таржымалы
LG брендинин келип чыгышы, «Lucky» жана «Goldstar»
Бүгүн биз тааныган LG компаниясы 1947-жылы негизделген Lucky Chemical Co., Ltd. компаниясынан башат алган. Башкы директор Ку Ин-хве (Koo In-hwoi) өз компаниясын алгач «Lucky» деп атаган. Бул «Лак Хуэй» деген сөзгө үндөш болуп кете, мааниси — «баарына кубаныч тартуулоочу». Бул аталыш компаниянын алгачкы ийгиликтүү долбоору болгон «Lucky Cream'дин», Кореядагы алгачкы косметикалык кремдин, урматына берилген. Ошентип, LG'нин алгачкы хит-каражатынын аталышынан компания өз атын алган.
«Lucky» бренди «Lucky» тиш пастасы сыяктуу элдин көңүлүнө абдан жаккан каражаттарды чыгарган Lak Hui Chemical компаниясынын визиттик карточкасына айланган. 1974-жылы компаниянын жана бренддин ийгилигинин аркасында Lak Hui Chemical аталышын өзгөртүп, Lucky Co., Ltd. болуп калган. Бара-бара ал алдына ат салдырбаган химиялык компанияга айланды.
"1958-жылы негизделген «Goldstar» компаниясы LG'нин тарыхында чоң роль ойногон. Кореядагы электроника өндүрүү боюнча алгачкы компания болгондуктан, ал өлкөдөгү алгачкы мааниси абдан зор болгон көптөгөн электрондук түзмөктөрдү иштеп чыккан. Lak Hui жана Goldstar өз тармактарында тез арада алдыңкы катарды ээлеп калган".
1960-жылдардын аяк чендеринде Lucky 11 компаниядан турган топ болуп биригип, ишмердүүлүгүн кеңейткен. Өз ишмердигине мунай-химия, энергетика, жарым өткөргүчтөр өндүрүшү сыяктуу жогорку технологиялык тармактарды камтыган. Мындан тышкары, курулуш, баалуу кагаздар, бөлүштүрүү, камсыздандыруу жана башка кызмат көрсөтүү тармактарында да эмгектене баштаган. Бул кеңейүү иши менен бирге Lucky жана Goldstar көптөгөн туунду компанияларды негиздешкен. 1983-жылы топтун аталышы Lucky Goldstar болуп өзгөртүлгөн.
1990-жылдары ачыктыктын, бүткүл дүйнөлүк өнөктөштүктүн жана маалымат доорунун жаңы дооруна кадам шилтеген. Ошондо «Lucky Goldstar» аталышы эл аралык керектөөчүлөр үчүн өтө узун деп табылган. Мындан тышкары, бизнес дүйнөсүнүн күн санап өзгөрүп турган шарттарында атаандаштыкка туруштук берүү үчүн компанияга күч-кубаттуу бренд жана жаркырап турган корпоративдик жаңы жүз зарыл болгон.
LG фирмалык стилинин жаралышы жана жарыяланышы
LG фирмалык стилинин башаты башкаруудагы инновациялык өзгөрүүлөрдөн башталып, өзгөрүлүп жаткан башкаруу чөйрөсүнө жигердүү жооп кайтарууга жана топтун узак мөөнөттүү көз карашын терең түшүнүүгө багытталган. Компания ички жана чет өлкөдөгү бөлүмдөрү менен филиалдарынын аталыштарын бирдиктүү кылууга бел байлаган. Бул максатта кызматкерлердин, ошондой эле өлкөнүн ичиндеги жана чет өлкөлүк керектөөчүлөрдүн арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында LG деген айтылуу аталыш тандалган.
Жаңы аталыш менен катар LG өзүнүн фирмалык стилин толугу менен жаңылаган. Ал мурдагы «Lucky Goldstar» тобунун беделин бекемдөөгө жана бүтүндөй дүйнөнүн кучагына бренд системасын жаратууга умтулган. Компаниянын жүзү катары ийгиликтүү фирмалык стиль кардарларды дизайны жана көркөмдүүлүгү менен өзүнө тартып турушу керек, ошондой эле бренддин чыныгы баалуулуктарын жана көз карашын чагылдырышы зарыл. Баарынан мурда, ал компаниянын тарых-таржымалын чагылдырып, анын жарык келечегине жол көрсөтүп турушу керек.
1995-жылдын 1-январында таңкы гезиттер Түштүк Корея жарандарына LG'нин жаңы фирмалык стилин тааныштырды. Кызыл түстөгү жылмайган белгинин астында «Жаңы жылыңыздар кут болсун!» деген жөнөкөй сөздөр жазылган.
Жарнама коомчулуктун бүйүрүн кадимкидей кызыткан. 4-январда, жаңы жылдык майрамдар өткөндөн кийин, LG коомчулуктун кызыгуусун канааттандырып, гезитке «Lucky Goldstar LG'ге айланууда» деген аталыштагы толук макаланы жарыялаган. Бул LG’нин коомчулукка жасаган алгачкы расмий кайрылуусу болгон.
Жаңы аталыш менен кошо сунушталган «Келечектин жүзү» деп аталган символдук белги Силла династиясынын «Силланын жылмаюусу» аттуу артефактына негизинде дем-шык алган. Ал тынчтыкты, келечекти, жаштыкты, адамзатты жана технологияны камтыган беш түшүнүктү баса белгилеп турат жана LG'нин «Кардарлар үчүн баалуулук жаратуу» жана «Адамга багытталган башкарууну илгерилетүү» деген башкаруу баалуулугун чагылдырып турат. «L» жана «G» тамгаларынан түзүлгөн бир көздүү жылмайган быйтыкча максатка умтулгандыкты, көңүл топтоону жана оң маанайды туюнтат. Ассиметриялуу бош мейкиндик чыгармачылыкты жана ыңгайлашууну туюнтат.
«Келечектин жүзү» дүйнөдөгү эң мыкты болууга талпынып турган күчтү, күч-кубаты ашып-ташып турган жаштарды жана жаңы технологиялык өзгөрүүлөргө бат ыңгайлашуу жөндөмүн айгинелейт. Ал дагы LG дайыма кам көрүп келген дүйнөнүн чар тарабына жашаган кардарлардын кызыкчылыктарын да символдоштурат. Ал LG'нин өзүнүн кызматкерлерине урмат-сый менен мамиле кылууга жана дүйнө жүзү боюнча кардарлардын муктаждыктарын канааттандырууга дилгир экенин көрсөтөт.
2015-жылдын 31-декабрында, 20 жылга созулган ийгиликтүү ишмердүүлүктөн кийин, LG компаниясы кезектеги өзгөртүүлөр багытына кадам таштады. Компания кардарга болгон сүйүүнү чагылдырган LG Smart Font арипти иштеп чыгып, логотипте колдонгон. LG Smart Font кол жазманын жылуулугун жана маанайын көрсөтүп, кардарга багытталган кам кордукту жана инновациялык рухту чагылдырып турат. Андан тышкары, бул арип «Life's Good» ураанында колдонулуп, ырааттуулукту жана биримдикти камсыз кылды.
2023-жылдын май айында кардарлар менен ар кандай байланыш каналдары аркылуу өз ара байланышты мурдагыдан да бекемдөө максатында LG Electronics брендин жаңылантты. Компания өзүнүн өзгөчө фирмалык стилин жаштык жана күч-кубат менен байытты, ошону менен бирге өзүнүн төмөндөгү баалуулуктарына ишенимдүү бойдон калды: кардарлар менен жогорку деңгээлде өз ара мамиле түзүү, адамдын муктаждыктарын эске алган инновациялар жана жылмаюуга түрткү берген жылуу-жумшак мамиле. Жаркылдаган маанай жана дүйнө жүзүндөгү адамдарга жакшы жашоо тартуулоо ниетте LG Electronics көзгө басар кызыл түсүн жана санарип логотибин сунуштап, «Жашоо керемет» («Life’s Good») ураанын дагы да таанымал кылды.
LG Electronics фирмалык брендинин тарыхы